Кыргызстан менен Венесуэланын ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндөгү макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Ага ылайык, дипломаттык жана кызматтык паспорттун ээлери Венесуэлага визасыз кирип, 90 күндөн ашпаган мөөнөттө жүрө алышат. Мындай мүмкүнчүлүк жогоруда аталган паспортторго ээ Венесуэланын жарандарына да тиешелүү, алар Кыргызстанда 90 күн визасыз жүрө алышат.
Макулдашууга 2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.