Ош шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталдыЖакынкы Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга таасир этет — ЖККУ башчысы
Кыргызстан дүйнөлүк коопсуздук рейтингинде 78-орунга чыкты
21.05.2025 | 09:32
2024-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү эң коопсуз жана тынч мамлекеттердин катарында 78-орунду ээледи. Бул тууралуу Экономика жана тынчтыктын эл аралык институту (билдирген.
Өлкө өткөн жылга салыштырмалуу 23 тепкичке жогорулап, рейтингдин так ортосуна жетти. Бул коопсуздук, коомдук тартип жана туруктуулук жакшырганын көрсөтөт.
КМШ мамлекеттери арасындагы орундар:
- Казакстан – 59-орун (эң жогорку орун)
- Өзбекстан – 60-орун
- Тажикстан – 72-орун
- Кыргызстан – 78-орун
- Түркмөнстан – 83-орун
Ал эми айрым өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү төмөндөдү:
- Армения – 77-орунга түштү (мурун 66 болгон)
- Азербайжан – 106-орун (мурун 95)
- Грузия – 100-орун (мурун 94)
Дүйнөдөгү эң тынч өлкөлөр (алдыңкы 5):
- Исландия
- Ирландия
- Австрия
- Жаңы Зеландия
- Сингапур
Эң кооптуу өлкөлөр (акыркы 5):
- Сирия
- Судан
- Афганстан
- Украина (159-орун)
- Россия (156-орун)
- Йемен – акыркы орун, 163-орун
Рубрики: Жаңылыктар