Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту

21.05.2025 | 15:50

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Венгриядагы иш сапарынын алкагында премьер-министр Виктор Орбан менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар, инфраструктура, логистика, технология жана өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү сыяктуу темалар көтөрүлдү.

Садыр Жапаров Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталын 50 млн долларга чейин көбөйткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана конструктивдүү диалогду улантууга макулдашты.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top