Кубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндүОш, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатаканалар курулат
Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту
21.05.2025 | 15:50
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Венгриядагы иш сапарынын алкагында премьер-министр Виктор Орбан менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар, инфраструктура, логистика, технология жана өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү сыяктуу темалар көтөрүлдү.
Садыр Жапаров Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталын 50 млн долларга чейин көбөйткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана конструктивдүү диалогду улантууга макулдашты.
Рубрики: Жаңылыктар