Бишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайы
Бишкекте 447 миллионго Трансплантация жана диализ борбору курулууда
21.05.2025 | 15:53
Бишкек шаарында жогорку технологиялуу Трансплантация жана диализ борборунун курулушу уланууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жер төлө кабаты толук бүткөрүлүп, учурда биринчи кабатта курулуш иштери жүрүп жатат.
446,6 млн сомдук долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда.
Борбордо нефрология, гепатология, гемодиализ, трансплантация бөлүмдөрү, лабораториялар жана операциялык залдар болот. Ал орган алмаштырууга муктаж бейтаптарды текшерүүдөн өткөрүп, дарылоону толук камтууга багытталат.
Рубрики: Жаңылыктар