Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жокMicrosoft’тун серверлери хакердик чабуулга кабылдыОрусия менен Өзбекстан газ-химия тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
Кыргызстан чет элдиктерге 10-июнга чейин документтерин мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берди
23.05.2025 | 10:51
Президент Садыр Жапаров 10-июнга чейин чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргызстандын аймагындагы жүрүүсүн мыйзамдаштырууга шарт түзгөн жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттан маалымдашты.
Жарлыкка ылайык, визасынын мөөнөтү өтүп кеткен же документтери жокко чыгарылган адамдар, эгер ыктыярдуу түрдө өз макамын мыйзамдаштырса, административдик жоопкерчиликтен бошотулат.
Ички иштер министрлигине мыйзам бузгандарды аныктап, тиешелүү иш-чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Бул кадам Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн адамдарга укуктук макамын жөнгө салууга жана коомдук тартипти сактоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар