Ишкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалдыПарламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп таптыКыргызстанда ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1,2 млн долларга вакцина сактоочу кампа курулатАйыл чарба министрлиги менен нидерланддык компаниялар үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту14-февралдын аба ырайы: Жаан, кар жаайтКөк-Мойнок, Токтогул жана тоңгон Ара-Көл: Кыргызстандын табият кубулуштары аркылуу өткөн жол
ITB China 2025 көргөзмөсүндө Кыргызстан өзүнүн туристтик потенциалын көрсөттү
29.05.2025 | 12:12
Шанхайдагы ири туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды. Салтанатка Туризмди колдоо фондунун вице-президенти Асылбек Алиев жана Кыргызстандын Кытайдагы соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жусубали Төрөмаматов катышты.
Иш-чарада туристтик бизнестин жүздөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-кытай роуд-шоу болду.
Павильонго келгендер улуттук сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, салттуу үйлөнүү үлпөт кийимдерине суктанып, кыргыздын таттуулары – боорсок менен чайдан даам татышты.
Рубрики: Жаңылыктар