УКМК: «Майкампа» ишканасынын 49% үлүшү мамлекетке өттү

03.06.2025 | 14:39

УКМК Бишкек шаарындагы «Майкампа» ишканасынын 49% үлүшү мамлекетке өткөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, 1991-2000-жылдардагы менчиктештирүү мезгилинде мамлекеттик мүлктү башкаруу органына караштуу «Майкампа – Бишкек өндүрүш-сатуу маслосырбаза» ААКсынын үлүшү ошол кездеги мыйзамдарды бузуу менен жеке жактарга арзандатылган баада сатылып кеткени аныкталган.

“Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган ишкананын уюштуруучулары ал ишкананын бир бөлүгүнө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүшүп, «Майкампа» ЖЧКсынын 49% үлүшүн мамлекетке өткөрүп берүүнү ыктыярдуу түрдө билдиришти”,- деп билдирди атайын кызмат.

Учурда бул компаниянын уюштуруучулары ыктыярдуу түрдө аталган компаниянын 49% акциясын мамлекеттик баланска өткөрүп беришкен.

УКМК бул иш боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.

Scroll to Top