Дыйкан-фермерлер 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулушат

12.06.2025 | 15:43

Дыйкан-фермерлер 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулат. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жеңилдик буга чейин 3 жылга киргизилген, эми бул мөөнөт дагы 5 жылга узартылууда.

Кубанычбек Ысабеков бул дыйкан-фермерлерди колдоо максатында киргизилип жатканын белгиледи.

“2030-жылга чейин айыл чарбадагы көйгөйлөр чечилип, биздин дыйкандар бутуна туруп, туруктуу кирешелерди алып баштагандан кийин анан жер салыгын карайбыз, ошондо төлөшөт”,- деди ал.

Scroll to Top