Бишкек хореографиялык окуу жайына жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек хореографиялык окуу жайына жаңы жетекчи дайындалды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Адилет Токтогазиев Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жетекчини окуу жайдын эмгек жамаатына министр Мирбек Мамбеталиев тааныштырган.

Адилет Токтогазиев 1971-жылы Нарын облусунда төрөлгөн. 1981-1989-жылдары Фрунзе шаарындагы хореографиялык окуу жайында окуп, балет артисти адистигин алган. Андан соң, 1989-1995-жылдары Москва мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуп, балетмейстер-педагог квалификациясын алган.

Ал АКШдагы “Carnival Cruise Lines” компаниясында хореограф жана бийчи болуп иштеген. Москва шаарындагы Наталия Сац атындагы театрда балет солисти болгон. Ошондой эле, Кыргызстандын Паралимпиадалык спорттук бий федерациясында башкы машыктыруучу (тренер) болуп эмгектенген.

Чыгармачылык ишмердүүлүгүндө 30дан ашуун бий койгон, алардын катарында кыргыз улуттук, заманбап, инклюзив жана классикалык бийлер бар. Москва, Санкт-Петербург, АКШ жана башка өлкөлөрдө эл аралык деңгээлдеги белгилүү шоулорго катышкан.

2017-жылдан бери К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Хореография режиссурасы кафедрасынын башчысы болуп иштеп келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>