Бишкектин тургундары Скрябин көчөсүндөгү жөө өтмөктүн ыңгайсыздыгына даттануудаКРда батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдөУлуттук онкология борбору, Бета Сторес-2, Космопарк: 31-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөтКыргызстандын негизги капиталына салынган инвестициялар жыл башында 8,4%га өстүЭне жана баланы коргоо улуттук борборунда ашказан-ичеги ооруларын эрте аныктоочу жаңы ыкма колдонулуудаНТРК «УТРК Музыка» каналына айрым клиптердин кабыл алынбашын түшүндүрдү
Кыргызстандын кыска метраждуу тасмасы Сочидеги фестивалда баш байгени жеңди
13.06.2025 | 10:42
Кыргызстандык кинорежиссерлор “Евразия-Кинофест” эл аралык фестивалында “Баатырлар мезгили” сынагында жеңишке жетишти. Номинацияда баш байгени Эльзар Кадырматов менен Бектурсун Арзыматов жараткан “Эсимде” кыска метраждуу тасмасы жеңип алды, тасма Улуу Ата Мекендик согуштун окуяларына арналган.
6-июнда Сочиде башталган “Евразия-Кинофест” фестивалына 26 өлкөдөн катышуучулар келди. Сынактын программасына 53 фильм, анын ичинде толук жана кыска метраждуу фильмдер кирген. Фестивалдын кинотеатрларына миңдеген көрүүчүлөр келишти, бул сунушталган кинематографиялык мазмунга болгон кызыгуунун жогору экенин көрсөтүп турат.
Рубрики: Жаңылыктар