Кыргызстан менен Беларусь айыл чарбасы боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүшөтЖК электрондук векселдерди киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кароодоБазарлар доору аяктап жатабы? Заманбап соода форматтары Борбордук Азияны кантип багындырууда?Ысык-Көлгө 3 млн май-канат балыгынын чабагы коё берилдиКыргызстанда суунун тарифи эмнелерден куралат: Айыл чарба министрлигинин түшүндүрмөсүМөңгүлөр тездик менен эрүүдө: Борбордук Азияга суу тартыштыгы коркунучу туудурууда
Кыргызстанда медициналык билим алуу үчүн окуу лицензияларын берүү убактылуу токтотулду
13.06.2025 | 10:58
Жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, лицензияны кайра берүү, токтото туруу, узартуу жана жокко чыгарууну кошпогондо тыюу салуу 2025-жылдын 1-июлунан 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Документ медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом