Маданият министрлиги медиа мектебин баштаганын билдирди

Маданият министрлиги медиа мектебин баштаганын билдирди

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги заманбап журналистиканын медиа мектебин баштап жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында ар ай сайын журналистиканын сапатын жогорулатууга, этиканы сактоого жана медианын туруктуу өнүгүшү боюнча тренингдер өткөрүлөт.

«Тренингдердин алкагында медиа жана тил саясаты, жасалма интеллект жана журналистика, мультимедиа форматтары — подкаст, видео жана инфографиканын эффективдүү колдонулушу, социалдык тармактар жана журналистика, фактчекинг жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү, маалымат булактарын коргоо жана санариптик коопсуздук жана башка маанилүү жана актуалдуу темаларга талкуулар жүргүзүлөт»,- деп айтылат маалыматта.

Долбоордун алгачкы тренинги 18-июнда саат 9:00дө Улуттук тарых музейинде “Медиа жана тил саясаты: кыргыз тилин өнүктүрүүдө журналистиканын орду” темасы боюнча өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>