Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жок
100 миң $ айлык алат. Кыргызстандык адис Египеттин эркин күрөш боюнча курама командасын жетектейт
16.06.2025 | 09:10
Кыргызстандык эркин күрөш боюнча белгилүү машыктыруучу Руслан Маджинов Египеттин Күрөш федерациясы менен үч жылдык келишимге кол койду. Бул келишимдин негизинде ал Египеттин улуттук курама командасын жетектеп, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарына даярдайт.
Жаңы кызмат орду үчүн адис жылына 100 миң доллар киреше алат.
Белгилей кетсек, Руслан Маджинов буга чейин Кыргызстандын бир катар жаш жана чоңдор арасындагы курама командаларын машыктырып, Азия жана дүйнөлүк ареналарда ийгиликтерге жеткирген. Эми ал өзүнүн тажрыйбасын Египеттин спортчулары менен бөлүшүп, аларды ири мелдештерге даярдоого бел байлоодо.
Рубрики: Жаңылыктар