Өкмөт 2025-2026-окуу жылына абитуриенттерди айрым адистиктер боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга убактылуу тыюу салды. Токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Токтомго ылайык, уюштуруучулук-укуктук формасына жана статусуна карабастан жогорку кесиптик билим берүүү уюмдарына 2025-2026-окуу жылына абитуриенттерди (студенттерди) жогорку кесиптик билим берүүнүн төмөнкү программалары боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга 6 айлык мөөнөткө тыюу салынды:
- Юриспруденция (бакалавр, магистр);
- Экономика (бакалавр, магистр);
- Менеджмент (бакалвр, магистр).
Аталган токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 27-июнда кол койгон.
Мындай чечим абитуриенттердин белгилүү адистиктер боюнча сырттан окуу формасына массалык түрдө тапшыруусуна байланышкан коррупциялык тобокелдиктерди минималдашытруу үчүн жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.