Ошто жүзүн жаап жүргөн 22 кыз-келинге айып салындыКөптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болуштуКыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейтАкыркы үмүт. Наталья Наговыцинадан кабар алуу үчүн дрон учурулатБишкекте Чүй – Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү ачылдыОштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталды
Ала-Арча дарыясынын жээгине курулган 30дай объект буздурулду
02.07.2025 | 12:15
Бишкек шаарынын Ленин районунда Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштеринин биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул этапта Алтымышев көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштар демонтаждалып, дарыяга тоскоолдуксуз кирүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүгө шарт түзүлгөн.
Жалпысынан 1 миң 420 чарчы метр муниципалдык жер тазаланган. Демонтаждалган объекттерге төмөнкүлөр кирет:
- 2 жеңил объект;
- 2 күркө;
- 2 контейнер;
- 80 чарчы метр чатыр;
- 4 туруктуу объект (анын ичинде химиялык тазалоочу жана сулуулук салону);
- 12 чарбалык имараттар;
- 9 туруктуу тосмолор.
Ошондой эле жер мыйзамдарын бузган 5 адамга жалпы 150 миң сом айып салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Ала-Арча дарыясы, демонтаж