Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Куруучу күнү: Кыргызстанда жаңы кесиптик майрам пайда болду
03.07.2025 | 14:56
Эми Кыргызстанда жыл сайын 2-августта Куруучу күнү – кесиптик майрамы белгиленет. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды. Токтом өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Кыргызстанда биринчи мамлекеттик курулуш органынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына байланыштуу, ошондой эле курулуш тармагынын кызматкерлеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын таануу иретинде кабыл алынган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Куруучу күнү