Казакстан дан эгининин экспортун көбөйттү

Казакстан дан эгининин экспортун көбөйттү

2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июнуна чейин Казакстан 9 миллион тонна дан экспорттоду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60%га көп. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги «Қазақстан темір жолы» ишканасынын маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, данды төмөнкү Борбор Азия өлкөлөрү жана жакынкы мамлекеттер сатып алган:

  • Өзбекстан — 3,3 млн тонна (+32%);
  • Тажикстан — 1,2 млн тонна (+45%);
  • Ооганстан — 309 миң тонна (+46%);
  • Кыргызстан — 233 миң тонна (+94%);
  • Иран — 974 миң тонна (17,5 эсе өсүү);
  • Азербайжан — 707 миң тонна (116 эсе өсүү).

«Дан экспортунун өсүшү казакстандык данга сырткы рынокто жогорку суроо-талап бар экенин көрсөтөт»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>