Жогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилдиКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздү
Сузакта 9 айлык ымыркайына жардам сурап жол тоскон кишиге жол инспекторлору жардам көрсөттү
04.07.2025 | 17:20
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9 айлык баласы көтөргөн эркек киши жолдун ортосуна чыгып, унааларды токтотууга аракет кылган. Бирок ага эч ким токтогон эмес. Бул көрүнүштү ЖКККББнын кызматкерлери байкап калып аларды унаасына салып ооруканага жеткиришти.
Белгилүү болгондой, наристе эсинен танып калган, тез жардамдын келиши кечигип жаткандыктан атасы жол тосууга аргасыз болгон. Милиция кызматкерлери баланы өз убагында ооруканага жеткиришип, учурда анын абалы туруктуу деп маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Сузак району