Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кытайлык ишкана Чүйдө газобетон блокторун чыгаруучу завод курат
08.07.2025 | 10:34
Кытайлык «Хуа Руй» ишкана Чүй облусунда автоклавдык газобетон блокторун чыгаруучу завод курат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 4-июлда аталган кытайлык ишкана менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин ортосунда инвестициялык келишим түзүлгөн.
Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталган жана беш жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.
Долбоор аймактын өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган. Аны ишке ашыруу ички рынокту сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздоого жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика