Быйыл Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда соода жүгүртүү 43,5%га өстү

Быйыл Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда соода жүгүртүү 43,5%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда айыл чарба продукциялары боюнча соода жүгүртүүсү 43,5% өсүп, 99,9 миллион долларга жеткен. Бул тууралуу Казакстандын Соода жана интегрция министрлиги билдирди.

Ошондой эле 2024-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 350,9 миллион долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 8,4%га өскөн.

Бул аралыкта Казакстандан экспорттун көлөмү 44,3%га өсүп, 80,1 миллион долларды түзгөн. Ал эми импорт  39%га өсүп, 19,8 миллион долларга жеткен.

Бул маалыматтар Казакстан менен Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгы боюнча жумушчу топтун экинчи жыйынында айтылган. Ага Казакстандын айыл чарба вице-министри Баглан Бекбауов менен Кыргызстандын айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов катышкан.

Мындан тышкары жыйында Талас облусу менен Казакстандын Жамбыл облусунун ортосундагы товар жүгүртүүнү жандандыруу маселеси да талкууланып, бул ишке жергиликтүү бийлик органдары тартылары айтылган. Ошондой эле чек арадагы жүк ташуучу автоунаалар үчүн өткөрмө пункттардын өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу боюнча чаралар каралган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>