Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды
Оштогу Папан ГЭСи 2027-жылдын аягында ишке киргизилери айтылды
09.07.2025 | 10:37
Кыргызстандагы энергетикалык тартыштыкты жоюга багытталган долбоорлордун бири болгон Ош облусундагы Папан ГЭСин курууга даярдык иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Папан ГЭСи Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө (бьефинде) жайгашат. Жаңы ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 27 МВтты (үч гидроагрегат, ар бири 9 МВт) түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергия өндүрүү көлөмү 113 млн кВт·с болот.
Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Чакан ГЭС» ААК жана “Гидроэнергетиканы куруу боюнча биргелешкен кыргыз-кытай коому” ЖЧК тарабынан ишке ашырылууда.
ГЭСтин курулуш иштерин болжол менен 2027-жылдын 4-кварталында аяктап, ишке киргизүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Ош облусу, Папан ГЭСи