Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Ош облусунда бир катар жетекчилердин иши жетишсиз деп табылып, сөгүш берилди
24.07.2025 | 11:30
Ош облусунда өткөн коллегиялык жыйында аймактын 2025-жылдын биринчи жарым жылындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү талкууланды. Президенттин аймактык өкүлчүлүгү билдиргендей, жыйындын жыйынтыгында бир катар жетекчилердин ишине баа берилди.
- Ноокат районунун акими Э.А. Чакибаевдин иши өнөр жай продукциясынын көлөмү төмөндөгөндүгүнө байланыштуу жетишсиз деп табылды.
- Өзгөн районунун биринчи орун басары А.Р. Дүйшеевге инвестициялык карта жана стратегиялык пландын жоктугу үчүн эскертүү берилди.
- Араван районунун биринчи орун басары А.И. Ахматовго мамлекеттик тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн катуу сөгүш жарыяланды.
Ошондой эле билим берүү тармагындагы жетишпестиктер үчүн жети район (Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай) акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарларынын иши жетишсиз деп табылды.
Мындан тышкары:
- Алты айыл өкмөт башчысынын,
- Бир шаар мэринин орун басарынын,
- Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин иши да жетишсиз деп бааланды.
Район жетекчилерине эскертүү берүү сунушталды.
Рубрики: Жаңылыктар