Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды
Оштогу малды жасалма уруктандыруу пунктары жабдуулар менен камсыздалды
24.07.2025 | 12:03

Ош облусунун айылдарында бодо малды жасалма жол менен уруктандыруучу 34 жаңы пункт жабдуулар менен толук камсыздалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иштер Дүйнөлүк банктын «Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жасалууда. Министрлик жана Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору (ААК) тарабынан өлкө боюнча жалпы 160 комплект жабдуу каралып, анын 34ү Ош облусуна берилген.
“Бир комплекттин баасы 37 500 сомду түзүп, жалпы 160 комплект үчүн 6 миллион сом сарпталды. Жабдуулар айыл өкмөттөрдүн балансына өткөрүлүп, тиешелүү адистерге берилет”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Айыл чарба министрлиги, Ош облусу