Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Кыргызстанда таланттуу окуучулар үчүн илимий лагерь башталды
29.07.2025 | 16:48
Бишкектеги Эл аралык Ала-Тоо университетинде “Жаш изилдөөчүлөр” илимий лагеринин катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан сынактык тандоонун жыйынтыгы менен тандалган 9-11-класстын 24 мыкты бүтүрүүчүсү катышты.
Эки жумалык илимий-билим берүү программасы 2025-жылдын 28-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлөт. Изилдөөнүн негизги темасы экологиялык көйгөйлөр жана айлана-чөйрөнүн булганышы.
Лагерь Агартуу министрлиги, «Маариф» фонду, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Эл аралык «Ала-Тоо» университети жана КР Улуттук илимдер академиясынын колдоосу менен уюштурулууда.
Рубрики: Жаңылыктар