Кыргызстан менен Түркия саламаттык сактоо жаатындагы кызматташууну бекемдөөдө

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем менен жолугуп, саламаттык сактоо жаатындагы эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Жолугушууда кыргызстандык бейтаптарды Түркиядагы медициналык мекемелерге акысыз дарыланууга жөнөтүү механизмин кайра жандандыруу маселеси көтөрүлгөн.
Ошондой эле 2024-жылдын ноябрында кол коюлган трансплантация жаатындагы кызматташтык боюнча Протоколду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүшкөн. Бул Протокол боюнча операциялар Кыргыз–Түрк достук ооруканасында жүргүзүлөт.
Мындан сырткары, трансплантологиялык жардамга муктаждык жогору болгон Ош аймагына түрк адистерин тартуу тажрыйбасын улантуу мүмкүнчүлүгү талкууланган. Министр ОшМУнун алдында түзүлгөн Трансплантация борборунун ишин уюштурууда көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө аталган борбордо Түркияда окуп келген 16 адис эмгектенип жатканын баса белгилеген.
«Түркия менен өнөктөштүк Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Жарандарды дарыланууга жөнөтүү жана трансплантологиялык жардамды өнүктүрүү жаатындагы көп жылдык колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү жолугушуу кызматташууну бекемдөө жана жаңы нукта өнүктүрүү боюнча эки тараптын тең кызыкдарлыгын дагы бир жолу тастыктады», — деген министр Эркин Чечейбаев.
«Биз Түркия менен Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалайбыз. Кыргыз тараптын бардык сунуштары кылдат иликтенип, Анкарада тиешелүү мекемелерге жеткирилет. Биздин кызматташтык достук жана бир туугандык маанайда мындан ары да өнүгө берет деп ишенем», — деп билдирген элчи Мекин Мустафа Кемал Окем.