Садыр Жапаров Эңилчек айылына барып, жашоочулар менен жолугушту

02.08.2025 | 16:54

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кыдыр Аке айыл аймагына караштуу алыскы Эңилчек айылына барды. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы маалымдады.

Аталган айыл деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан жана ага жетүү үчүн 3800 метр бийиктиктеги ашуудан өтүү керек. Учурда бул айылда 35 үй-бүлө жашайт.

Президент менен бирге сапарга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзгөчө Кырдаалдар Министри Бообек Ажикеев жана Транспорт жана Коммуникациялар Министри Абсаттар Сыргабаев коштоп жүрүштү.

Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын жашоо шарттары менен таанышты. Ал мамлекет азыр гана алыскы жана жетүүгө кыйын болгон конуштарды өнүктүрүүгө толук кандуу көңүл бурууга шарт түзүлгөнүн белгилеп, транспорт министрине айылга сапаттуу унаа жолун курууну баштоону тапшырды.

Жолугушуу маалында тургундар айылдагы мектеп 9-класска чейин гана билим берерин айтып, балдары орто билимди Каракол шаарында улантарын, ошол жактан турак жай менен камсыз кылууга жардам сурашкан. Президент бул маселени Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу чечүү мүмкүнчүлүгү караларын айтты.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top