Вьетнамда баңгизат аткезчилигине шектелген кыргызстандык жаран кармалды

05.08.2025 | 10:49

Вьетнамда баңгизат аткезчилигине шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Германияга 670 килограмм героин ташууну уюштурганга шектелип, Кыргызстандын, Вьетнамдын жана Интерполдун кызматкерлери катышкан эл аралык операциянын жүрүшүндө кармалган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2019-жылы Германиянын полициясы халвага жашырылып ташылып бараткан героинди кармаган. Жүк Бишкектеги “Элит Шоко” компаниясына тиешелүү болуп, Германияга “түрк таттуусу” катары жөнөтүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө О.У.Д. аттуу жаран, анын шериги Х.П. жана башкалар эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү катары ири өлчөмдөгү баңгизат аткезчилигин уюштурганы аныкталган. Баңгизаттар Афганистандан сатып алынып, халва пакеттерине жашырылып, жасалма документтер менен чек арадан өткөрүлгөн.

Учурда шектүүнү Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Scroll to Top