Нарында биринчи муниципалдык мончо курулуп жататӨтмөк ашуусундагы пландалган асфальт иштери толук аяктадыБишкектин Ленин районунда үй өрттөнүүдөКыргызстандык мигранттар көбүнчө Орусияга, Түркияга, АКШга жана Казакстанга баруудаКазакстанда Женнифер Лопестин көкүрөгүнө “кол салуу” болдуТаласта 17 маданият мекемеси текшерилди
Өзбекстанда 2026-жылы атомдук станциянын курулушу башталат
11.08.2025 | 11:54

Өзбекстан орусиялык “Росатом” корпорациясы менен биргеликте атомдук электр станция (АЭС) курууну пландоодо. Бул тууралуу «Узатом» атомдук энергия агенттигинин директору Азим Ахмедхаджаев “Өзбекстан 24” телеканалына билдирди.
«Биз «Росатом» менен ири атомдук электр станциясын куруу боюнча документке кол койдук. Бул документтин негизинде биз станцияны өлкөнүн энергетикалык системасына интеграциялоо үчүн бардык аспектилерди изилдеп жатабыз”,- деп билдирген Ахмедхаджаев.
Ошондой эле анын айтымында, атомдук станциянын курулушун баштоо 2026-жылдын март айына пландалган. Бул долбоор Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан бекитилген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар
Теги: Өзбекстан