Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Таласта 17 маданият мекемеси текшерилди
11.08.2025 | 16:04

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Талас облусундагы маданий мекемелердин абалы менен жеринен таанышты.
Министрликтин маалыматында белгиленгендей, сапардын алкагында райондук жана шаардык деңгээлдеги 17 мекеме китепканалар, маданият үйлөрү, музейлер, театр жана искусство мектептери текшерилип, имараттардын ички жана сырткы абалы, техникалык жабдуулары бааланды.
Айрым жетекчилерге эскертүүлөр берилип, кызматкерлер өз суроолоруна жооп алышты. Иш сапар Манас районунан башталып, Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Талас райондору жана Талас шаары менен уланды.
Министрлик мындай текшерүүлөрдү жакынкы күндөрү Жалал-Абад облусунда улантат.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият