Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга келет
12.08.2025 | 10:48

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин 14-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кр Өкмөтү кабарлады.
Сапардын алкагында Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушууда кыргыз-орус күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат. Анын ичинде:
- соода-экономикалык кызматташуу,
- биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу,
- интеграциялык бирикмелер алкагындагы аракеттерди координациялоо.
“Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен да жолугушары күтүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар