Кыргызстандыктар үчүн Улуу Британиядагы сезондук жумуштар: каттоо 17-августта башталатБишкектин көчөлөрүндө мыйзамсыз орнотулган 168 көрнөк-жарнак алындыЖыл башынан бери Ысык-Көлдөн 24 миң метрден ашык тор, 650 кг таштанды чыгарылдыДКО-2026: Ысык-Көлдө көчмөн цивилизациялары боюнча эл аралык илимий конференция өтөтКыргызстан казак буудайын сатып алууну көбөйтүүнү көздөөдөКурумдудагы издөө иштери: 4,5 миң метр бийиктиктен альпинисттик шаймандар табылды
Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын куруу боюнча инвестициялык келишимдерге кол коюлду
12.08.2025 | 10:43

Жалпы кубаттуулугу 2217 МВт болгон “Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын куруу” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен “Орто Азия Инвестициялык Холдинги” ачык акционердик коому ортосунда Инвестициялык келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Аталган документке Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «Орто Азия Инвест холдинг» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мюджахит Орен кол койду.
Казарман ГЭС каскады Нарын дарыясында жайгашат, курамында 4 ГЭС бар. «Орто Азия инвестициялык Холдинг» ишканасы каскаддын 3 ГЭСин курууга кызыктар. Алардын жалпы кубаттуулугу 912 МВт:
- Ала-Буга ГЭСи – 600 МВт
- Кара-Булуң-1 ГЭСи -149 МВт
- Кара-Булуң-2 ГЭСи -163 МВ.
Ал эми Көкөмерен ГЭС каскадынын курамында 3 ГЭС бар. Алардын жалпы кубаттуулугу 1305 МВт:
- Каракол ГЭСи – 33 МВт
- Көкөмерен ГЭСи-1-360 МВт
- Көкөмерен ГЭСи-2 – 912 МВт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: инвестиция