Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдөРКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилетБишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылдыОшто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды
Август педагогикалык форуму Ош шаарында өтөт
12.08.2025 | 14:43

18-19-августта Ош шаарында “Доор өзгөрткөн билим” деген ураан алдында Август педагогикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады. Форум башталгыч кесиптик билим берүү системасын трансформациялоо маселелерин талкуулоочу негизги улуттук аянтча болуп саналат.
Иш-чаранын темасы Кыргызстандын заманбап экономикасынын шарттарына ылайык квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу болуп саналат.
Форумдун негизги максаттары:
- Башталгыч кесиптик билим берүүнү реформалоо;
- Эмгек рыногунун реалдуу талабына ылайык программаларды жаңылоо;
- Кесиптик лицейлерди модернизациялоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- Компетенттүүлүккө негизделген мамилени киргизүү;
- Санариптик технологияларды билим берүү процесстерине интеграциялоо;
- Иш берүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр менен өнөктөштүктү күчөтүү.
Форумга Агартуу министрлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кесиптик лицейлердин жетекчилери, иш берүүчүлөрү, социалдык өнөктөштөрдүн жана педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү катышат.
Рубрики: Жаңылыктар