Кыргызстанда медреселердин саны расмий маалыматта көрсөтүлгөндөн көп болуп чыктыЭВФ: 2027-жылы Кыргызстанда инфляция Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчкө жететКыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды«Айтматовду» бүт өлкө күтүүдө. Байопиктин режиссёру Каныбек Калматов менен маек«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиАлимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайт
Оштун мэри таңкы рейдге бүгүн самокат менен келди
12.08.2025 | 14:55

Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүнкү таңкы рейдин Курманжан Датка көчөсүндө самокат менен өткөрдү.
Рейд учурунда мэр “Жөө бас” каналынын корук аймагын мыйзамсыз курулуштардан бошотуу, анын ичинде “Эки дос” кафесин жана айланасындагы соода түйүндөрүн алып салуу тапшырмасын берди. Ошондой эле унаа тыгындарына тоскоол болбошу үчүн аялдаманы артка жылдыруу боюнча тиешелүү кызматтарга көрсөтмө берилди.
Мэрия билдиргендей, мындай иш-чаралар шаарды көрктөндүрүү жана коомдук жайларды иретке келтирүү боюнча иштердин бир бөлүгү болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар