Бишкектин башкы планы: 2050-жылы мектеп, бала бакчалардын саны 2-3 эсеге көбөйөт«Кепилдик фонд» менен Чехиянын ардактуу консулу экспортко багытталган ишканаларды колдоо маселелерин талкуулаштыДөөлөт Сыдыков 7 саат токтобой Манас айттыСадыр Жапаров Вашингтондогу C5+1 саммитине катышатПайдасыз каракчылык: Кыргызстанда төрт киши инкассаторго кол салып, эч нерсе таба алышкан жокБыйыл Элдик курултай 25-декабрда өтөт
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын статистика мекемелери кызматташат
14.08.2025 | 09:46

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети менен Түштүк Кореянын Статистикалык башкармалыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө ” Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, документке Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Тэжон шаарына болгон иш сапарынын алкагында кол коюлду.
Меморандумда Кореянын Статистикалык башкармалыгынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин потенциалын жогорулатуу долбоору каралган. Долбоордун алкагында Кореянын өкмөтү Кыргызстанга 5,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Корея, Улуттук статистика комитети