УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Альбина Имашева кыргыздрамдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды
19.08.2025 | 10:10

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жаңы көркөм жетекчиси болуп Альбина Турдугуловна Имашева дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Министр Мирбек Мамбеталиев аны театрдын жамаатына тааныштырып, жоопкерчиликтүү кызматында ийгиликтерди каалады.
Биографиясы:
- 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн.
- 2005-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.
- 2002-жылдан бери Кыргыз драма театрында эмгектенет.
- 2008-жылы Ысык-Көлдө өткөн ШКУ кинофестивалында «Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн» сыйлык алган.
- 2009-жылы «Кыргыз киносунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
- 2011-жылы Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
- 2017–2018-жылдары бир катар ардак грамоталарга ээ болгон.
- 2024-жылы Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият