УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышатБишкекте ШКУнун экологиялык мекемелеринин жыйыны башталды
U-20: Адилет Акылбеков дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды
19.08.2025 | 10:12

Кыргызстандык балбан Адилет Акылбеков Болгарияда өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (U-20) күмүш медаль жеңип алды.
Ал 74 килограмм салмак категориясында финалда россиялык спортчу Исмаил Ханиев менен беттешип, жеңилүүгө мажбур болду.
Финалга чейин Акылбеков мыкты натыйжа көрсөтүп, канадалык Николас Лиам Хуперди, литвалык Титас Поёраитисти, казакстандык Доссжан Кул-Гайыпты жана италиялык Рауль Касонун утуп чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар