Токтогулда жаңыланган стадион ачылдыОш–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев “Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир берди
Быйыл Кыргызстанда орточо айлык акы 19,6%га өстү
19.08.2025 | 11:09

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларына карата Кыргызстанда орточо айлык акы 42 миң 20 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6%га көп. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин пресс-конференциясында айтылды.
Маалыматка ылайык, инфляцияны эске алганда, быйыл реалдуу айлык акынын көлөмү 11,5%га өскөн.
Айлык акылар эң көп төмөнкү тармактарда өскөн:
- кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар — 40,3%га;
- курулуш тармагы — 39,4%га;
- административдик ишмердүүлүк — 30,1%га;
- саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө — 27,3%га;
- кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 27,3%га;
- мейманканалар жана ресторандар — 26,2%га;
- мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана милдеттүү социалдык камсыздоо — 24,2%га;
- финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 22,9%га;
- башка тейлөөчү тармактар — 21,3%га.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика