Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргыз режиссерунун “Курак” тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалына катышат
19.08.2025 | 15:44

Маркум режиссёр Эмиль Атагелдиев жана кинопродюсер, режиссёр Эрке Жумакматованын “Курак” тасмасы дүйнөлүк премьерасын Пусан эл аралык кинофестивалында өткөрөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Тасма “Азиялык көз караш” (Asian Vision) программасына киргизилип, “Эң мыкты азиялык тасма” сыйлыгы үчүн ат салышат.
“Курак” фильми Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.
ХХХ Пусан эл аралык кинофестивалы 2025-жылдын 17–26-сентябрь күндөрү Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Про кино