Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргызстандык китепканачылар IV Эл аралык библиографиялык конгресске катышат
20.08.2025 | 13:14

16-19-сентябрь күндөрү Орусиянын Якутск шаарында ар өлкөлөрдөн 700дөн ашык китепканачы катышкан IV Эл аралык библиографиялык конгресс өтөт. Бул тууралуу аталган конгресстин расмий сайтында кабарланды.
Иш-чарага Кыргызстандын китепкана адистери да аралыктан катышат. Ошондой эле Орусиянын 85 аймагынан алдыңкы китепканалар жана илимий борборлор, Түркия, Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Корея Республикасы, Иран жана Өзбекстандан келген делегаттар катышары айтылды.
Якутиянын (Саха Республикасы) Улуттук китепканасынын директору Саргылана Максимованын айтымында, конгресс катышуучуларга тажрыйба алмашуу жана ар кайсы өлкөлөрдүн маданий байланыштарын бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болот.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар