Токаевдин Кыргызстанга 3 жылдагы алгачкы сапары: “Достуктун алтын көпүрөсүн” ачат

Кыргызстандын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргендей, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамда тараптуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт. Тараптар кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулайт.
Ошондой эле сапар учурунда Ынтымак паркында «Достуктун алтын көпүрөсү» монументинин расмий ачылышы өтөт.
Мындан сырткары, Казакстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ачылышы, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы, казак киносунун күндөрү жана үчүнчү Кыргыз-Казак жаштар форуму өткөрүлөт.