Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте кыргыз-казак жаштар форуму өтөт
20.08.2025 | 10:56

21-августта Бишкектеги Технопаркта кыргыз-казак жаштар форуму өтөт. Форум Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын жаштарынын ортосунда IT, стартаптар, санариптик ишкердик жана инновациялар тармагында тажрыйба алмашууга арналган.
Программага IT индустриясынын жана EdTech долбоорлорунун лидерлери менен панелдик сессиялар, AI-стартаптардын питчинги, инвесторлор менен баарлашуу, ошондой эле IT-Hubдо кофе-брейк жана нетворкинг кирет.
Форумдун темалары:
- Жаңы муундагы AI-стартаптар: идеядан глобалдык рынокко чейин;
- EdTech долбоорлору жана билим берүүдөгү жаңы чакырыктар;
- Кыргызстандын жана Казакстандын мыкты командалары катышкан “AI NEXT” стартаптарынын бет ачары.
Рубрики: Жаңылыктар