Президент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилди
Ош шаарынын борбордук стадиону жаңыланат
22.08.2025 | 12:50

Ош шаарынын борбордук стадиону жаңыланып, айланасы оңдоп-түзөлөт. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен стадиондун кире беришиндеги жана каналдын жээгиндеги баш-аламан курулуштар буздурулат.
“Буга чейин стадиондун кире бериш аймагы ар кандай курулуштар менен тосулуп, терс көрүнүштөрдү пайда кылып келген. Эми бул аймак тазаланып, шаардыктар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана эстетикалык чөйрө түзөт”,- деп айтылат маалыматта.
Мэрия ошондой эле борбордук стадион эл аралык деңгээлдеги футболдук беттештерди өткөрүү үчүн тиешелүү талаптарга жооп бере тургандай оңдоп-түздөлөрүн билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ош шаары