Көптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болуштуКыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейтАкыркы үмүт. Наталья Наговыцинадан кабар алуу үчүн дрон колдонулатБишкекте Чүй – Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү ачылдыОштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталдыКыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок – Ташиев
Ататүрк паркындагы реконструкция иштери башталат. Кандай өзгөрүүлөр болот?
25.08.2025 | 10:05

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк атындагы паркты реконструкциялоо долбоору менен таанышып, шаар тургундары менен жолугушту.
Мэриядан кабарлашкандай, Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы иштеп чыккан долбоорго ылайык, паркта төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болот:
- жаңы кире бериш топтор курулат;
- Ооган жоокерлерине арналган эстелик орнотулат;
- балдар жана спорт аянтчалары, сахна, иппотерапия аянтчасы уюштурулат;
- көлмө жана кароол аянтчалары пайда болот;
- 3 чакырым чуркоо жолу жана 3,6 чакырым велосипед жолу салынат;
- жалпы аянты 77 миң чарчы метрди түзгөн тротуарлар курулат;
- сугат системасы жана башка инфраструктуралык иштер жүргүзүлөт.
Айрым аймактарда коопсуз жана ыңгайлуу велосипед жолу үчүн санитардык тазалоо жүргүзүлөт. Бул учурда жапайы өскөн бадалдар жана авариялык дарактар гана алынат. Калган жашыл көчөттөр сакталып, иштер аяктагандан кийин компенсациялык негизде жаңы дарактар жана бадалдар тигилет.
Мэриянын маалыматына караганда, реконструкциянын негизги максаты — Ататүрк атындагы паркты шаар тургундары үчүн коопсуз, жашыл жана заманбап эс алуу жайына айландыруу.
Рубрики: Жаңылыктар