Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды
Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга жаңы техникаларды тапшырды
25.08.2025 | 13:12

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга жаңы автоунаа жана техникалардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда чогултулган Chevrolet үлгүсүндөгү 30 автоунаа Ички иштер министрлигине, Энергетика министрлигине жана Айыл чарба министрлигине берилди.
Мындан сырткары:
- “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасына – 21 техника,
- “Кыргызкөмүр” ишканасына – 12 техника тапшырылды.
Өкмөт башчысынын айтымында, бул чара мамлекеттик органдардын ишин жеңилдетип, тармактардагы кызматтык милдеттерди сапаттуу аткарууга өбөлгө түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар