Ошто жашылча-жемиштерди тоңдура турган логистикалык борбор ачылат

25.08.2025 | 15:20
тоңдурулуп жаткан жашылча-жемиштер

Ош шаарындагы Кызыл-Кыштак айыл аймагында 2 миң тонна жашылча жана мөмө-жемиштерди акустикалык тоңдура турган соода-логистикалык борбор курулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор “Туран Групп” ишканасы тарабынан 0,4 гектар аянтка курулуп жатат. Учурда жабдуулар толугу менен орнотулуп бүткөн. Борбор 31-августта расмий түрдө ачылат.

Аталган долбоордун курулушуна Элдик банктан кластердик өнүгүү долбоору (АӨЖК) аркылуу 20 млн сом, ал эми Дүйнөлүк банктан 35 млн сом каржыланган.

Теги: Ош
Scroll to Top