Кыргызстан менен Кытай саламаттык сактоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүдө

26.08.2025 | 14:05
Кыргызстан менен Кытайдын желеги

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунун Медициналык университетинин саламаттык сактоого инвестиция боюнча координатору Ху Ге Ян жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Кытайдагы башкы өкүлү Мээрим Кожокматова менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Алардын ичинде:

  • саламаттык сактоо уюмдарын жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу;
  • адистештирилген симуляциялык борборлорду ачуу жана медициналык ЖОЖдорду гранттык негизде жабдуу;
  • кыргыз студенттерине Кытайда бакалавриат жана магистратура программаларында акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү;
  • Кыргыз-кытай салттуу медицина борборун түзүү.

Ошондой эле жолугушууда кытай тарап Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу заводду курууга, анын ичинде өлкөдө өстүрүлгөн дары чөптөрдөн жасалган препараттарды өндүрүүгө жана медициналык жабдууларды чогултуу боюнча ишкана ачууга инвестиция салууга даяр экенин билдирген.

Эркин Чечейбаев быйыл жазында жогоруда аталган демилгелерди Кытайдын Саламаттык сактоо министрлиги менен жолугушууда сунуштаганын айтып, Кытай тараптын ыкчам реакциясына жана практикалык ишке ашырууга даярдыгына ыраазычылык билдирген.

Scroll to Top