Сентябрдан тарта Каракол – Алматы багытында автобустар каттай баштайтАльпинизм. Чокудагы биз билбеген кызыктар“Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчи дайындалдыМинистрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырдыМаданият министрлиги 27 млн сомду максатсыз колдонуу иши боюнча комментарий бердиОрусиянын расмий каттоосундо турган кыргызстандык мигранттардын саны 377 миңге жетти
Сентябрдан тарта Каракол – Алматы багытында автобустар каттай баштайт
26.08.2025 | 17:50

Сентябрь айынан тарта “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эл аралык Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары жүрө баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Фейсбуктагы баракчасында жарыялады.
Анын айтымында, аталган каттам жыл бою иштейт. Учурда Кыргызстандын транспорт министрлиги Казакстан тарап менен каттамды жандантуу үчүн тиешелүү иштерди алып барууда.
“Эми үстүбүздөгү жылдын сентябрынан тарта союз маалында каттап, эгемендүүлүк жылдары ар кыл себеп менен токтоп калган эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары жанданат”,- деп билдирди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом