ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Бишкекте бир күнгө батир жалдап кумар оюндарын уюштургандар кармалды
03.09.2025 | 12:20

ИИМдин маалыматы боюнча, Бишкек шаарында кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга шектелген жарандар кармалды.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, шектүү оюндарды өткөрүү үчүн бир күндүк батирлерди ижарага алып, катышуучуларын чакырып, ар биринен 5 пайыз киреше алган.
Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси («Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу») боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюндарынын жайгашкан орду жана аны уюштурууга тиешеси бар адамдар аныкталды. Учурда 3 шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар