Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
«Сулайман-Тоо» музей комплекси 12 млн долларга реконструкцияланат
03.09.2025 | 17:20

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордун илимий концепциясы жана сметалык-долбоордук документациясы даярдалып бүттү. Реконструкциянын жалпы наркы 12 миллион долларды түзөт.
Маалымат үчүн:
- Сулайман-Тоо – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген, өзгөчө коргоодогу тарыхый жана маданий аймак.
- Музей комплексинин жаңыртылышы анын инфраструктурасын жакшыртууга, туристтер үчүн шарттарды кеңейтүүгө жана тарыхый мурасты сактоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар